Биз менен байланышыңыз

Президент Жогорку соттун төрайымы менен соттордун ишмердүүлүгүн талкуулады

Кыска кабар | 28 мая 2020 | 761 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-майда, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Соттук-укуктук реформалардын алкагында кабыл алынган чаралар, ошондой эле Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун ишмердүүлүгү, жалпысынан сот системасынын ишмердүүлүгүн оптималдаштыруу боюнча белгиленген пландар жөнүндө маалымат берилди.

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева жергиликтүү соттордун ишмердүүлүгүн оптималдаштыруу максатында судьяларды которуштуруу (ротация) жана айрым соттордо судьянын жардамчысы кызматтарын кыскартуу боюнча иштер жүрүп жаткандыгын маалымдады.

Ошондой эле сотторго жана алардын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугуна ишенимди жогорулатуу максатында Жогорку соттун түзүмүндө эки өз алдынча бөлүк түзүлгөндүгүн баса белгиледи, алар: соттордун чечимдерине гана жооп берүүчү жана алардын сапатын жогорулатуучу Мажбурлап аткартуу кызматы жана сотторду материалдык-техникалык камсыздоого жана сот аппараттарынын потенциалын жакшыртууга гана көңүл бурган Сот департаменти.

Президент Сооронбай Жээнбеков сот жана сот аткаруучу блоктор жаатында Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестри автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке ашыруунун өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи.

Коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу түзүлгөн кырдаал соттордун сот жыйындарын аралыктан өткөрүүгө толук даяр эместигин көрсөткөнүн баса белгиледи.

Анын дарегине судьяларга карата даттануулардын келиши уланып жатканын, алардын көпчүлүгү ашыкча убаракерчиликке, соттук териштирүүнүн создуктурулушуна байланыштуу болуп жатканын кошумчалады.

Мамлекет башчысы сот системасын мындан ары санариптештирүүнү, анын ичинде сот жыйындарынын бардык залдарына аудио-видео жаздыруу жана соттордо электрондук иш кагаздарын жүргүзүү системаларын толук киргизүү боюнча иштерди күчөтүүгө чакырды.

Президент Сооронбай Жээнбеков соттук-укуктук реформаны ишке ашыруу боюнча мерчемделген иштерди ушул жылдын соңуна чейин аягына чыгаруу зарылдыгын баса белгилеп, судьялардын ишинин сапатын жакшыртуу жана жогорулатуу боюнча чараларды күчөтүүгө чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM