Connect with us

Икрамов өкмөткө: Жаракат алган жоокерге операция жасоону тездеткиле

Кыска кабар | 28 Май 2020 | 1070 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Баткенде кыргыз-тажик чек арасында ок атышууда жаракат алган жоокерге операция жасоо маселесин тездетүүнү Өкмөттөн талап кылды.

Бул боюнча депутат көп жолу Өкмөткө кайрылганын айтты.

Анын туугандары мага кайрылып жатышат. Ал жоокер мекенди коргоп жатып жаракат алды. Аны Москвага алып барып операция жасатыш керек. Эмне үчүн Өкмөт башка маселелерди чечүүгө каражат табат, ал эми чек араны чечүүгө каражат таппайт? Чек ара маселесин бир топ депутаттар көтөрүп келебиз, Өкмөт бул маселеге жетиштүү көңүл бурбай жатат, — деди депутат.

Эске сала кетсек, 8-майда Баткен районунун Көк-Таш айылында чек арада атышуу болуп, тажик аскерлери автомат, минометтон ок чыгарышкан. Атышууда үч кыргыз чек арачысы жаракат алган.

Анын экөө сакайып чыгып, үчүнчүсүнүн абалы оор болууда.

Copyright © 2017 Maral FM