Биз менен байланышыңыз

Токаев Казакстанды коронавирустун жаңы толкунуна даярданууга үндөдү

Дүйнө , Кыска кабар | 27 мая 2020 | 558 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев казакстандыктарды өлкөдө коронавирустун экинчи толкунуна даяр болууга үндөдү. Бул тууралуу «Казинформ» агентиги жазды.

«Биз коронавирустун экинчи жолу жайылышына даяр болушубуз керек, биздин өлкөдө жана коңшу мамлекеттерде туруктуу табигый очоктор жана башка өзгөчө коркунучтуу инфекциялардын болушу кырдаалды курчутат. Бир катар карама-каршы келген реформалардын жана кайра уюштуруунун кабыл алынышы санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын жана инфекцияларга каршы күрөшүү тутумунун начарлашына алып келди», — деди президент.

Мамлекет башчысынын айтымында, санитардык-эпидемиологиялык абалды күчөтүү жана институтташтыруу керек.

«Адистерди социалдык жактан коргоо чаралары көрүлөт жана бул кызмат үчүн кадрларды даярдоо тутуму кайра каралат. Мындан тышкары, жугуштуу ооруларга каршы күрөшүүдө чет мамлекеттер менен кызматташууну мындан ары күчөтүү зарыл. Биологиялык коопсуздук тутуму жалпы стандарттарга ылайык иштеши керек жана мамлекеттер аралык натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү жана коркунучтарга жооп кайтарууну камсыз кылышы керек», — деп кошумчалады президент.

Сөзүнүн аягында мамлекет башчысы жылдын аягына чейин Казакстанда биологиялык коопсуздук жөнүндө мыйзам иштеп чыгууну тапшырды.

Бүгүнкү күндө Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 9304 адамга жетти.

Copyright © 2017 Maral FM