Биз менен байланышыңыз

Улуттук банктын бир кызматкеринен коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 27 мая 2020 | 447 | 0

Улуттук банктын бир кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында, учурда ал кызматкер ооруканада дарыланууда.

Ал менен байланышта болгон 40 адам үй карантинине жөнөтүлгөн. Алардан анализ алынган. Улуттук банктын башка кызматкерлери арасында коронавирус жуктурган жаңы учур катталган жок, — деди ал.

Кыргызстанда 27-майга карата коронавирус жуктурган 52 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1520нү түзөт. Алардын ичинен 1043 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 16 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM