Биз менен байланышыңыз

Коронавирус адам клеткаларына идеалдуу жайгашары суроо жаратты

Дүйнө , Кыска кабар | 27 мая 2020 | 451 | 0

Австралиянын бир топ окумуштуулары коронавирустун адам организмине эң идеалдуу ылайыкташканын айтышты.

Алар белгилегендей, коронавирус клеткаларга жакшы жайгашат. Ошондуктан аны жуктурган адамдардын саны 5 миллиондон ашты.

Бул тууралуу Флиндерс университетинин профессору Николай Петровский билдирди.

Окумуштуулар бир катар тирүү организмдердин коронавируска сезгичтигин анализдешкен. Натыйжада, коронавирусту эң жакын сезгендер жарганаттар эмес, адамдар экени аныкталды.

Алардын айтымында, вирустар организмге ыңгайлашуу үчүн белгилүү бир убакытты алат. Бирок коронавирус андай эмес, дароо ыңгайлашат. Бул коронавирустун «жасалма келип чыгышы» жөнүндө суроолорду жаратат.

Copyright © 2017 Maral FM