Биз менен байланышыңыз

Дагы жети дарыгер коронавирус жуктуруп алды

Кыска кабар | 26 мая 2020 | 369 | 0

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Жаңы жуктуруп алгандардын төртөө Бишкек шаарында, үчөө Нарын облусунда катталган.

Ошол эле учурда стационарлардан 6 медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 287 учур катталды, алардын ичинен 237 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1468 адамга жетти. Алардын ичинен 1015 бейтап сакайып, 16 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM