Биз менен байланышыңыз

Бишкекте бир суткада беш дарыгер коронавирус жуктуруп алды

Кыска кабар | 25 мая 2020 | 559 | 0

Бир сутка ичинде өлкө боюнча Бишкек шаарында 5 медициналык кызматкерлер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ошол эле учурда стационарлардан 1 медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 280 учур катталды, алардын ичинен 231 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1433 адамга жетти. Алардын ичинен 992 бейтап сакайып, 16 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM