Биз менен байланышыңыз

Кытайда бир суткада 11 адамда коронавирус аныкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 25 мая 2020 | 454 | 0

Акыркы сутка ичинде Кытайда 11 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда өлкөнүн Саламаттыкты сактоо маселелери боюнча мамлекеттик комитетине таянып РИА Новости жазды.

Жаңы катталгандардын баары сырттан баргандар. Ошондой эле бир сутканын ичинде коронавирусту симптому жок алып жүргөн 40 адам аныкталган.

Акыркы маалыматтар боюнча, бүгүнкү күндө Кытайда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 82 985 адамга жетти. Алардын ичинен 4634 бейтап көз жумду. 78 268 адам айыгып, 83 бейтап дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатат.

Жалпы вирус жуктургандардын ичинен 1724ү сырттан баргандардан аныкталып, алардын 1678и сакайып чыккан.

1-апрелден тарта өлкөнүн бийлиги оорунун симптому жок түрү жөнүндө маалыматтарды жарыялай баштаган. Акыркы сутка ичинде мындай 40 факт аныкталып, алардын 38и жергиликтүү жана экөө сырттан баргандарда аныкталган.

2019-жылдын 31-декабрында Кытай бийлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Ухань шаарында (Хубэй провинциясы) белгисиз пневмониянын келип чыгышы жөнүндө маалымдаган. Адистер бул ооруну козгоочу жаңы коронавирус экендигин аныкташып, кийинчерээк ал расмий түрдө COVID-19 деп аталган.

11-мартта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирусту пандемия деп жарыялады.

29-мартта Кытайдын саламаттыкты сактоо комитети жалпы өлкөдө эпидемиянын жайылышы токтоп калганын айтып, вирусту жеңгенин жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM