Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасында дагы ок атылды

Кыска кабар | 24 мая 2020 | 1791 | 0

Бүгүн, 24-майда, Баткен районунун Мойнок аймагындагы мамлекеттик кыргыз чек арасынын аймагында ок атышуу болду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, Баткен облусунун Баткен районунун Мойнок жерлигинде Кыргызстандын чек ара кезмети Тажикстандын «Ворух» анклавынын жергиликтүү жашоочулары тарабынан  Кыргызстандын аймагына мал-жандыктарын кайтаруу аракетин болтурбай жокко чыгарышкан.

Тажик тараптан белгисиз адамдар кыргыз чек арачыларына карай ок чыгарып, атып башташкан. Саат 11.40 чамасында кыска убакытка  Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кезметтеринин ортосунда атышуу орун алган. Кыргызстандын чек арачыларынан жаракат алгандар жок.

Саат 12.20да окуя болгон жерге келген кыргыз -тажик чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болгон.

Азыркы учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын аталган бөлүгүндө абал туруктуу. Эки тарап чыр-чатак келип чыккан факт боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM