Биз менен байланышыңыз

Орусияда сутка ичинде 8599 адамда коронавирус аныкталды

Орусияда 24-майга карата коронавирус инфекциясынын жаңы 8599 учуру катталды. Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөшүү боюнча оперативдүү штабдын маалыматына таянып жергиликтүү басылмалар жазды.

Ыкчам штабдын маалыматы боюнча, жаңы келип түшкөн бейтаптар федерациянын 84 аймагынан катталган. Алардын ичинде 3777 адамда вирустун эч кандай симптомдук белгилери байкалган эмес.

Бүгүн, 24-майга карата Орусиядагы бейтаптардын жалпы саны 344 миң 481 адамга жетти. Алардын ичинен 108 миңден ашык адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ошол эле учурда 3388 адам оорудан каза болгон.

Орусиянын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) маалыматы боюнча, өлкөдө коронавирус пайда болгондон бери 8,6 миллиондон ашык лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн, анын ичинде акыркы суткада 282 миң изилдөө жүргүзүлгөн.

Учурда Орусияда 282 миң адам медициналык көзөмөлдө турат.

Copyright © 2017 Maral FM