Connect with us

Бишкекте вирустун жайылып кетүү тобокелчилиги жогору бойдон калууда

Кыска кабар | 23 Май 2020 | 1080 | 0
Автор: Айпери Жумабай кызы

Бишкек шаары боюнча коронавирустун жайылып кетүү тобокелчилиги жогору бойдон калууда. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Азиз Суракматов билдирди.

25-майдан тарта Бишкекте экономикалык ишмердүүлүк жандангандыктан коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүнүн жоопкерчиликтүү жана эӊ коркунучтуу этабы башталат.

Бүгүнкү күнгө чейин Өкмөт өзүн-өзү изоляциялоонун катаал шарттарында, коменданттык саат, ӨА жана ӨК режимдерин киргизүү менен COVID-19 вирусунун жайылышын кармап тура алды. Азыр болсо бизнестин, шаар тургундарынын жана бийликтин өз ара жоопкерчиликтүү этабы башталууда, — деди Азиз Суракматов.

Ал бардык чарбалык субъекттерди жана менчиктин формасына карабастан бардык жетекчилерди, өзгөчө соода борборлорунун, транспорттук уюмдардын, спорттук залдардын жана базарлардын жетекчилерин эскертип, эгерде алардын объекттеринде COVID-19 вирусунун жайылышынын очогу же борбору аныкталса, мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартыла тургандыгын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM