Биз менен байланышыңыз

Нарын шаарында коронавирустан 19 адам айыкты

Кыска кабар | 22 мая 2020 | 843 | 0

Бүгүн, 22-майга карата, Нарын шаарында коронавирус инфекциясын жугузуп алган жаңы 9 учур катталды. Алардын бирөө — медайым, алтоо — ооруканада жаткан бейтап, бирөө — төрөт үйүнө жатып чыккан бейтап болсо, бирөө — ооруп жаткандар менен байланышта болгон адам. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Калаада бул илдетти жугузуп алган 119 учурдун 19у айыгып чыкса, 100 адам обсервацияга жаткырылды.

Ал эми үй карантинине 394 адам алынды.

 

Copyright © 2017 Maral FM