Биз менен байланышыңыз

Боронов: Медициналык мекемелер COVID-19дун талаптарына жооп берүүсү кажет

Кыска кабар | 22 мая 2020 | 356 | 0

Өлкөдөгү бардык медициналык мекемелер COVID-19 дартынын алдын алуу талаптарына толугу менен жооп берүүсү кажет. Бул туурасында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

− Тилекке каршы, медициналык мекемелерде ооруну жугузуп алуу учурлары катталып жатат. Бул фактылар кооптондурууда. Медициналык мекемелер коопсуздук талаптарына жооп бериши кажет, бизде мамлекеттик, же жеке мекемелерде оору катталган учурлар орун алууда. Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэрлери аталган маселеге өзгөчө көңүл буруусу зарыл. Өнөкөт оорулары бар аяр бейтаптар дарыланууда жаткан балдар жана башка бөлүмдөр, төрөт үйлөрү тийиштүү жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалышы керек. Эпидемиологиялык иликтөөлөр борбору инфекция жуктуруп алуу учурларын сапаттуу иликтеп чыгуусу маанилүү, − деди Кубатбек Боронов.

Жыйындын күн тартибиндеги дагы бир маселе − оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларын текшерүү алгоритмин жаңылоо маселеси болду.  Акыркы убакта алыстан жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан коронавирус инфекциясы көп аныкталууда.

Ошол эле учурда айрым жарандар үй карантини эрежелерин, өз алдынча обочолонуу шартын сактабаган учурлар катталып жатат. Буга байланыштуу тез бузулбаган товарларды ташыган айдоочулар жолдон кандайдыр бир байланыштын болушун чектөө максатында ПЧР-анализдин жыйынтыгын күтүү үчүн атайын унаа токтотуучу жайларга жөнөтүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM