Биз менен байланышыңыз

COVID-19 менен ооругандарды каттоо үчүн онлайн маалымат базасы түзүлдү

Кыска кабар | 22 мая 2020 | 334 | 0

Кыргызстанда өлкөнүн бардык аймактарындагы ооруканаларда COVID-19 менен ооруган бейтаптарды каттоо үчүн маалымат тутуму киргизилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Онлайн маалыматтар базасын иштеп чыгууга Саламаттык сактоо министрлигинин Электрондук саламаттык сактоо борборунун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) IT адистеринен турган жумушчу топ  түзүлгөн.

Демилгени, Германия Өкмөтүнүн тапшырмасы аркылуу GIZ тарабынан ишке ашырылган, кыргыз-герман “Кыргызстанда перинаталдык саламаттык сактоо көмөктөштүгү” долбоору колдоого алган.

Бир нече күн бою эки ведомствонун тең IT адистери медицина адистери менен бирге бир катар процесстерди автоматташтырууга мүмкүндүк берген маалыматтык онлайн платформаны иштеп чыгышты.

Мурда толтурулган салттуу жазуу формасындагы ар кандай эсептик жана отчеттук формалар убакытты көп алат жана техникалык каталардын деңгээлинин жогорулашына алып келген.

Азыр областтык координаторлор жана Саламаттык сактоо министрлиги стационарлардан мындан ары электрондук почта менен отчетторду жөнөтүүнү талап кылбайт. Бейтапты кабыл алуу жана чыгаруу датасы, клиникалык өзгөрүүлөрдүн динамикасы, лабораториялык изилдөө маалыматтары, ошондой эле ар бир бейтаптын жеке маалыматтарын кошуп алганда, бардык маалыматтар онлайн жеткиликтүү.

Бүгүнкү күндө республикада COVID-19 менен ооруган бейтаптарга жардам көрсөткөн 30дан ашык стационарлар мындай платформаны күнүмдүк практикада колдонушат.

Copyright © 2017 Maral FM