Биз менен байланышыңыз

22-май: Казакстанда коронавирустун жаңы 363 учуру аныкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 22 мая 2020 | 70 | 0

Акыркы сутка ичинде Казакстанда коронавирустук инфекциясын жуктуруп алган 363 бейтап аныкталды. Өсүү 5 пайызды түзгөн. Бул тууралуу Tengrinews.kz сайты Мамлекеттик комиссиянын ыкчам штабына шилтеме берип жазды.

Ошол эле учурда бир суткада ден соолугу калыбына келгенден кийин 109 адам ооруканадан чыгарылды.

Коронавирус пайда болгондон бери жалпы өлкөдө коронавирус жуктурган 7597 адам аныкталган, Алардын ичинен 3843 адам айыгып, 35 бейтап каза болгон.

22-май эртең менен дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 5,1 миллиондон ашты. Дээрлик 333 миң бейтап аталган инфекциядан көз жумган. Ошол эле учурда 1.9 миллион адам айыккан.

Copyright © 2017 Maral FM