Биз менен байланышыңыз

Орусия: Байлардын арасында бункер сатып алуу талабы өстү

Дүйнө , Кыска кабар | 20 мая 2020 | 717 | 0

Forbes журналынын маалыматына ылайык, ушул жылы америкалык Rising S Company компаниясы 150 миң долларга бааланган, толук жабдылган жана өзөктүк бөлүкчөлөрдү фильтрлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ эки «башпаанек» саткан.

Калифорниядагы Vivos компаниясы орусиялык кардарлардын буйрутмалары тууралуу маалымдады. Ага ылайык, пандемия башталгандан бери бункерлерге болгон суроо-талап 1000%га көбөйгөн.

Орусияда коргоочу шаймандарды чыгарган компаниялардын тапшырыктарынын саны да көбөйдү.

«Спецгеопроекттин» басма сөз катчысы Данила Андрееванын айтымында, апрель айында беш буйрук чыгарылган, компания адатта бир объектке бир айлык тапшырыктарды алган. Негизги кардарлар Москва, Санкт-Петербургдун тургундары.

Андреев белгилегендей, кардарлар бункерлерге караганда коопсуздук бөлмөлөрүнө көбүрөөк кызыгышат. Мындай бөлмөдө герметикалык эшиктер жана терезелер, автономдуу электр менен жабдуу жана байланыш бар.

Алар оорулардын жугушунан, ошондой эле согуштук жана уулуу газдардан коргойт. Жер астындагы бункердин баасы 10 миллион рублден башталат, ал эми коопсуздук бөлмөсүнүн наркы 3 миллион рубль.

Өз кезегинде, «Бункерстрой» компаниясы радиоактивдүү чаң, уулуу заттардан коргонуу, жуунучу бөлмө жана канализация, байланыш жана жылытуу тутумдарына ээ 60 метрдик бөлмөлөрдү 7,6 миллион рублга сатууда.

Copyright © 2017 Maral FM