Биз менен байланышыңыз

Францияда 6 эм наристе төрөлдү

Дүйнө , Кыска кабар | 20 мая 2020 | 437 | 0

Францияда 30 жылдан бери биринчи жолу алты эм наристе төрөлдү. Бул тууралуу RTL радиостанциясы кабарлады.

Ага ылайык, Страсбургдагы ооруканалардын биринде 5 кыз жана бир бала жарык дүйнөгө келген.

Салмагы 630дан 730 граммга чейинки эгиздер 25 жумалык боюна бүткөндөн кийин энесинин курсагынан союп алуу операциясы менен төрөтүлгөн. Ымыркайлардын энеси буга чейин 2 балалуу болгон.

Наристелердин төрөлүшүнө жардам берүү үчүн 30 адистен турган команда тартылды. Жаңы «коноктор» реанимация бөлүмүнө жайгаштырылды. Алар дагы бир нече ай ооруканада болушу керек.

6 эм баланын төрөлүшү сейрек кездешүүчү жагдай. Дүйнө жүзү боюнча орто эсеп менен 4,7 миллиард бала төрөлөт.

Францияда мындай төрөлгөн балдар 1989-жылы Парижде туулгандыгы белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM