Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 20-майда абанын температурасы төмөндөйт

Кыска кабар | 19 мая 2020 | 505 | 1

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 20-майда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде мөндүр жаашынын ыктымалы бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

20-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда:

түнкүсүн: 6…..11.… күндүз: 18……..23°

Талас облусунда:

түнкүсүн: 4…..9.….күндүз: 16………21°C

Жалал-Абад жана Ош облустарында:

түнкүсүн: 9……14….күндүз: 21……..26°C

Баткен облусунда:

түнкүсүн: 9……14….күндүз: 21………26°C

Ысык-Көл облусунда:

түнкүсүн: 3……8.….күндүз: 14……..19°C

Нарын облусунда:

түнкүсүн: 1……6…..күндүз: 14.……19°C

20-майда Бишкекте жаан жаашы күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 8…….10°C, күндүзү 20………22°C.

1 пикир

1 пикир

  1. Шарвпат Ракыева

    19.05.2020 19:45

    Сиздерге чон рахмат айтамын.Ишиниздерде ийгиликтер жарала берсин!

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM