Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 20-майда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде мөндүр жаашынын ыктымалы бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
20-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда:
түнкүсүн: 6…..11.… күндүз: 18……..23°
Талас облусунда:
түнкүсүн: 4…..9.….күндүз: 16………21°C
Жалал-Абад жана Ош облустарында:
түнкүсүн: 9……14….күндүз: 21……..26°C
Баткен облусунда:
түнкүсүн: 9……14….күндүз: 21………26°C
Ысык-Көл облусунда:
түнкүсүн: 3……8.….күндүз: 14……..19°C
Нарын облусунда:
түнкүсүн: 1……6…..күндүз: 14.……19°C
20-майда Бишкекте жаан жаашы күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 8…….10°C, күндүзү 20………22°C.