Биз менен байланышыңыз

Үсөнбаев: Соль-Илецктен келгендерди көзөмөлдөө үчүн мобилдик тиркеме орнотулду

Кыска кабар | 19 мая 2020 | 443 | 0

18-майда Орусиянын Соль-Илецк шаарынан келгендерин арасында түшүнбөстүктөр пайда болуп жаңжал чыгарышкан. Мындан улам саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев “Семетей” обсервациясына барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Анын айтымында, «Семетей» обсервациясындагы жарандар ызы-чуу салганы үчүн эмес, алгоритмге ылайык чыгарылды.

Алгоритмге ылайык, Республикалык штаб ооруп жаткандар менен байланышта болгон 19 жаранды обсервацияда калтыруу чечимин чыгардык. Ал эми, кайталоо анализи терс жыйынтык берген жана Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып чыккан жарандар үй карантинине чыгарылды, — деди Үсөнбаев.

Ошондой эле Нурболот Үсөнбаев билдиргендей, жарандарга анкета толтурулуп, үй карантинин сактоо милдеттенмесине кол коюшуп, ошондой эле кайсы жерде жүргөндүгүн көзөмөлдөө үчүн мобилдик тиркеме орнотулду. Бардык маалыматтар жер-жерлердеги медициналык мекемелерге жана ички иштер башкармалыгына жиберилди.

Кечээ күнү Бишкек жана Чүй облусунда жашаган жарандар үй карантинине чыгарылды. Бүгүнтөн баштап калган жарандар башка региондорго жөнөтүлүшөт.

Обсервациядагы жаңжал. Мыйзамды сактабагандар жазаланат

Copyright © 2017 Maral FM