Биз менен байланышыңыз

Сутка ичинде дагы эки дарыгерден коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 19 мая 2020 | 476 | 0

Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкер арасында коронавирус жуктуруп алган 2 учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ошол эле учурда стационарлардан 7 медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 257 учур катталды, алардын ичинен 219 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1243 адамга жетти. Алардын ичинен 898 бейтап сакайып, 14 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM