Биз менен байланышыңыз

Обсервациядагы жаңжал: көпчүлүк бөлүгү үй карантинине чыгарылат

Кыска кабар | 18 мая 2020 | 1155 | 0

«Семетей» обсервациясындагы кырдаалга байланыштуу, Орусиянын Соль-Илецк шаарынан келген жарандарды жашаган жери боюнча үй карантинине жиберүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Алардын ичинен жакындар менен байланышкан жактардан аныкталган 43 учурдан улам, 19 жаран медиктердин көзөмөлүндө калтырылат.

Медицина кызматкерлери аталган обсервацияда 22-майга чейин штаттык тартипте иштешет жана алардын иштөө мөөнөтү бүткөндө башка жаңы топтогулар келет. Обсервацияга жооптуу врач Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, 7-июнга чейин иш алып барат.

7-майда 541 кыргызстандык Соль-Илецктен өз мекенине кайтып келишкен. Алгач алардын ичинен 55инде коронавирус аныкталган. Андан кийин дагы үч бейтапта аныкталып, бүгүн, 18-майда дагы 43 адамга инфекция жукканы белгилүү болду.

Copyright © 2017 Maral FM