Биз менен байланышыңыз

«Евровидение-2021» фестивалы Роттердамда өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 17 мая 2020 | 525 | 0

«Eurovision 2021» Эл аралык музыкалык сынагы Нидерландиянын Роттердам шаарында өтөт. Бул тууралуу ишемби күнү, 16-майда кечинде, Голландиянын Хилверсум шаарында өткөн Europe Shine A Light концерти учурунда жарыяланган.

Мелдеш «Евровидение-2020» сынагын өткөрүүнү пландаштырышкан Ahoy Arena аянтында өтө турганы уюштуруучулардын расмий сайтында маалымдалган.

2021-жылдагы сынактын датасы азырынча жарыялана элек.

«Евровидение-2020» сынагы Роттердамда 12-16-май аралыгында өтүшү керек болчу. 26-февралда коронавирус эпидемиясынан улам сынак өтпөй калышы мүмкүн деген биринчи коркунучтар пайда болгон. Сынакты өткөрбөө боюнча чечим 18-мартта кабыл алынган.

Нидерланды «Евровидениени» өткөрүү укугуна 18-майда Тель-Авивде өткөн сынакта ээ болгон. Анда нидерландык ырчы Дункан Лоуренс жеңишке жетишкен.

Copyright © 2017 Maral FM