Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда вирус жуктургандардын саны 2 741ге жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 17 мая 2020 | 400 | 0

Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 2 741ге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин күнүмдүк отчетуна таянып, жергиликтүү басылмалар жазды.

«17-май саат 10.00гө карата коронавирустук инфекция жуктургандардын саны 2 741ге (+3) жетти», — деп айтылат билдирүүдө.

Азыркы учурда өлкөдө 2 213 адам коронавирустук инфекциядан толук айыгып чыгып, 517 бейтап Өзбекстанда дарыланып жатышат. Алардын ичинен 7 жарандын абалы оор, 1 адамдын абалы өтө оор.

Ошондой эле өлкөдө коронавирус пайда болгондон бери 11 адам каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM