Биз менен байланышыңыз

Укук коргоо органдарынын 65 кызматкери коронавирус жуктуруп алган

Кыска кабар | 17 мая 2020 | 412 | 0

Республика боюнча укук коргоо органдарынын 65 кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, кызматкерлердин баары тиешелүү дарылануудан өтүүдө.

Буга чейин айтылгандай тобокел тобуна медицина кызматкерлери, жүк ташуучу унаанын айдоочулары, сырттан келген жарандар жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери кирет. Бүгүнкү күндө текшерүүдөн кийин укук коргоо органдарынын 65 кызматкери коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду, — дейт Үсөнбаев.

Кыргызстанда 17-майга карата коронавирус жуктурган учурлардын саны 1 138ге жетти. Алардын ичинен 251и медицина кызматкери. Илдеттен 804 жаран айыгып, 14 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM