Биз менен байланышыңыз

Москвадан 161 кыргызстандык учуп келди

Кыска кабар | 17 мая 2020 | 536 | 0

Москвадан 161 кыргызстандык Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, «Манас» эл аралык аэропорту 16-майда «Тез Жет» авиакомпаниясынын Москва-Бишкек чартердик каттамын тосуп алды.

Бардык келген жарандар бекитилген тартипте обсервацияга көзөмөлгө жайгаштырылды.

Дүйнө жүзүндө COVID-19 коронавирусунун пандемиясынан улам жүргүнчү ташыган эл аралык авиабилдирүүнүн токтотулушуна байланыштуу, чет мамлекеттердеги мекендештерди кайтаруу боюнча Президенттин тапшырмасын аткаруунун алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралар улантылууда.

Copyright © 2017 Maral FM