Биз менен байланышыңыз

Абдикаримов: Коронавирустун жаңы учурлары көбөйүп жатат

Кыска кабар | 16 мая 2020 | 1032 | 0

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов республика боюнча жалпы көрсөткүчтөрдү алып караганда, оору катталган жаңы учурлар көбөйүп жаткандыгын Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Министрдин айтуусуна караганда, бул айрым аймактарда иштин тиешелүү деңгээлде жүргүзүлбөй жаткандыгынан кабар берет.

Жер-жерлерде СOVID-19 дартынын алдын алуу, оорулуу менен байланышта болгон жактарды көзөмөлдөө иштерин күчөтүү керек, — деди Абдикаримов.

Республикалык ыкчам штабдын жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Нарын шаарындагы эпидемиологиялык абал кыска мөөнөттө жакшыртылышынын зарылдыгын айтып, шаардагы эпидемиологиялык абалды калыптандырууга үч күндүк мөөнөт берди.

Учурда Нарын шаарында контакттык оорулуулардын саны облуста жашаган калктын санына салыштырмалуу жогору болуп саналат. Шаардагы эпидемиологиялык абалды түзөтүүгө тийиштүү мөөнөт берилет, эгерде белгиленген мөөнөттө абал оң жагына өзгөртүлбөсө, шаардагы тиешелүү мамлекеттик орган жетекчилеринин жоопкерчилиги каралышы керек, — деп билдирди Кубатбек Боронов.

Кеңешменин жыйынтыгында бардык аймактарда, анын ичинде өзгөчө татаал эпидемологиялык абалга байланыштуу карантин киргизилген Бишкек жана Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районундагы Каныш-Кыя айыл аймагында санитардык-карантиндик иш-чараларды күчтөнтүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 1117ге жетти. Алардын ичинен 783 жаран айыгып,  14 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM