Биз менен байланышыңыз

Нарында вирус жуктургандар 279 адам менен байланышта болгон

Кыска кабар | 16 мая 2020 | 641 | 0

Нарын шаарында коронавирус жуктургандар менен 279 адам байланышта болгон. Бул тууралуу брифинг учурунда Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров билдирди.

Анын айтымында, учурда 57 адам изолятордо жатат.

Ооруканада түзүлгөн обсервацияларда 23 адам жатат. Мэрия, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан уюштурулган обсервацияларда 16 адам жатат. Изоляцияда жаткан адамдар менен байланышта болгон адамдардын саны 279ду түзөт. Алар үй карантинине алынган, — деди ал.

Эске салсак, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов белгилегендей, бүгүнкү күндө Нарын шаарында эпидемиологиялык абал татаал бойдон калууда, мында контакттык оорулуулардын саны облуста жашаган калктын санына салыштырмалуу жогору болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM