Нарын шаарында коронавирус жуктургандар менен 279 адам байланышта болгон. Бул тууралуу брифинг учурунда Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров билдирди.
Анын айтымында, учурда 57 адам изолятордо жатат.
— Ооруканада түзүлгөн обсервацияларда 23 адам жатат. Мэрия, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан уюштурулган обсервацияларда 16 адам жатат. Изоляцияда жаткан адамдар менен байланышта болгон адамдардын саны 279ду түзөт. Алар үй карантинине алынган, — деди ал.
Эске салсак, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов белгилегендей, бүгүнкү күндө Нарын шаарында эпидемиологиялык абал татаал бойдон калууда, мында контакттык оорулуулардын саны облуста жашаган калктын санына салыштырмалуу жогору болуп саналат.