Биз менен байланышыңыз

Кузнецова: 113 дарек боюнча тургундар анализ тапшыруудан баш тартты

Кыска кабар | 16 мая 2020 | 321 | 0

Борбор калаада бүгүнкү күнгө карата ооруну жуктуруп алгандардын саны – 305 адам жана оорулуулар менен байланышта болгон 648 жаран катталган. Бул тууралуу Бишкектин вице-мэри Татьяна Кузнецова бүгүнкү брифингде билдирди.

Анын айтымында, 16-майга карата 400 адамдан алган анализ изилденип, 916 адам коронавируска экспресс-тестирлөөдөн өттүп, баарында коронавирус аныкталган эмес.

Ошондой эле, 113 дарек боюнча тургундар анализ тапшыруудан баш тарткан, ал эми 99 батирде жана турак үйдө эч ким эшигин ачпай, жабык болгон.

Учурда Бишкек шаары боюнча үй карантининен 5504 адам чыгрылса, медициналык көзөмөлдө 765 адам калууда. Борбор шаардагы обсервация жайларына 1064 адам жайгаштырылды.

Жалпы 20 мобилдик бригада иштеп, алар 10 миӊ чыгууну ишке ашырып, 7 700 ПЧР анализди алышкан.

Copyright © 2017 Maral FM