Биз менен байланышыңыз

Доллар арзандаса, экономикага жакшыбы? (экономисттин пикири)

Блог | 16 мая 2020 | 5535 | 0

Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган COVID-19 пандемиясы адамдардын бир гана ден-соолугуна кесепетин тийгизбестен, күнүмдүк жашоосунун солгундашына да себеп болду. Эл аралык валюта кору 2020-жылы дүйнөлүк экономика 3 пайызга төмөндөөрүн ал эми өнүккөн экономикалар 6 пайызга чейин ички дүң өндүрүмүн жоготорун соңку отчетунда баса белгилеп кетти. Ошондой эле, бул илдет дүйнөлүк экономикага 2008-2009–жылдардагы каржы кризисине караганда көбүрөөк таасири тиерин божомолдоп, “1929–жылдагы “Улуу депрессиядан” кийинки эң чоң экономикалык апаат”, — деп атады.

Карантинге камалып калган дүйнө “эки жамандын” ичинен “жаманыраагын” тандоого мажбур болду. Биринчи жаман бул – вирус, ал эми экинчи жаман бул – ишкердиктин, өндүрүштүн жана күнүмдүк тиричиликтин токтоосу. Бул кризистен эң аз зыян менен чыгуу, бизнес адабиятында “кризис менеджменти” деп аталат. Кризистик башкаруу өлкөбүздө мамлекеттик деңгээлде, саламаттыкты сактоо, билим берүү, тышкы иштер, ички иштер жана социалдык тармакта жүргүзүлүп жатат. Ал эми бул эл аралык  кризистин экономикабызга “ток этер” таасири бул доллардын жогорулашы десек жаңылышпайбыз. Бул макалада валюта рыногунда акыркы кезде сомдун кунунун жоготуу себептерин теориялык жана практикалык жактан глобалдык пандемиянын “көлөкөсүндө” түшүндүрүүгө аракет жасаймын. Албетте, төмөндө жазылгандар менин гана жеке оюм. Ага кошулбоо — сиздин акыңыз. Негизги максатым — эң жөнөкөй тил менен коюлган маселени окурмандарга жеткирүү.

Чет элдик валютанын баасы кантип белгиленет?

Бул суроого экономикалык теориянын негизинде эң жөнөкөй тил менен жооп берейин: “Картөшкөнүн баасын базар аныктагандай эле, доллардын баасын да базар аныктайт.” Башкача айтканда, “доллар” да товар катары каралып, анын баасы, ага болгон суроо-талап менен, анын сатуучуларынын ортосунда коюлат. Мындай бааны биз “курс” дейбиз. Эгерде доллардын көлөмү сатуучулардын колунда (улуттук банктын резервинде, коммерциялык банктарда, акча алмаштыруу жайларында, микро-кредиттик компанияларда, күрөөканаларда жана жалпы эле элдин колунда) алуучуларга караганда көп болсо, анда анын курсу түшөт. Доллар арзандады деген сөз сом күчтөндү дегенди билдирет.

Чет элдик валюта арзандаса, экономикага жакшыбы?

Тыйындын эки бети болгондой доллардын арзан болуусунун да эки жагы бар. Биринчиден, өлкөдө бардык нерселер доллар менен алынып сатылып калат. Экинчиден импорт көбөйүп, экспорт азаят. Импорт көбөйүп, экспорт азаят деген сөз бул өлкө өзү азыраак өндүрүп, көбүнчө сырттан сатып алат дегенди түшүндүрөт. Эгерде биз өзүбүз аз өндүрсөк, анда аз жумуш орду болуп, жумушсуздук көбөйөт. Ал эми жумушсуз калган жарандар, жумуш издеп чет өлкөлөргө кете баштайт.

Ал эми доллардын арзан болуусунун жакшы жагы, эл өзү өндүрө албаган товар жана кызматты, сырттан арзан баага алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Мисалы, автоунаа, өндүрүштө керектөлүүчү материалдар, медициналык жабдыктар, Кытайдан жана Түркиядан товады арзан алып, Орто Азия жана Орусия рыногуна кайрадан сатуу сыяктуу реэкспорттук ишмердүүлүктөрдүн түзүлүүсүнө өбөлгө түзөт.

Долларды ким (эмне) кымбаттатат?

Доллардын рынокто аз болуусу же ага болгон талаптын көп болуусу доллардын кунун көтөрөт. Негизинен, долларга болгон өлкөнүн суроо-талабы, муктаждыгы анын кунун белгилейт. Мисалы, мамлекеттин доллар менен карызы болсо, аны доллар менен төлөөсү керек. Бизнес жана өндүрүштүн, банк секторунун же жалпы калктын доллар менен алган кредиттери же карыздарынын болуусу, долларга болгон суроо талапты көтөрөт.

Долларга талаптын дүйнөдө көбөйүүсү

COVID-19 пандемиясы башталганда, эң эле алгачкылардан аба каттамын тейлеген компаниялар иштебей токтоп калды. Анын артынан азык-түлүк товарларын чыгарган компаниялардан башка дээрлик бардык компаниялар биринен сала бири ишмердүүлүгүн токтото баштады. Аба каттамы жана ири компаниялардын ишмердүүлүгүнүн токтоосу алардын эл аралык биржалардагы акцияларынын баасын төмөндөтө баштады. Ошондой эле, бул вирустук илдеттин канча убакытка созулары белгисиз болгондуктан, элдер үчүн колунда нак акчаны кармоо, акция алгандан алда канча маанилүү болуп калды. Эл аралык биржалардагы бул дүрбөлөң, инвесторлорду колундагы акцияларды бат-баттан сатып, акчага (долларага) айлантууга же алтын алууга түрткү берди. Жыйынтыгында, эл аралык биржаларда баалар түшүп, долларга болгон талап көтөрүлдү, анын курсу да өстү.

Мунайдын таасири

Жогоруда айтылган ири учак жана башка компанияларынын ишмердүүлүгүн токтотуусу жалпы энергияга (мунайга) болгон талапты азайтты. Талабы азайган мунайдын баасы дүйнөлүк рынокто төмөндөй баштады. Мунай экспорттогон өлкөлөр биримдиги “OPEC” мунайдын баасын жогорулатуу үчүн өз ара өндүрүмдү азайтууну чечип, биримдике мүчө болбогон өлкөлөрдү да азайтууга чакырды. Орусиянын бул чакыруудан баш тартуусу, ага каршы Сауд Аравиянын, тескерисинче, көлөмдү көбөйтүүсү мунайдын баасын 35 доллардан, 19,9 долларга чейин төмөндөөсүнө алып келди. Мунайдын баасынын төмөндөөсү Орусия жана Казахстан сыяктуу мунай өндүрүүчүлөрдүн доллардык кирешесине терс таасирин тийгизип, анын таңкыстыгын көбөйттү. Албетте, анын аз болуусу, курстун жогорулоосуна алып келди.

Кыргызстанда мунай чыкпаса, эмнеге бизде кымбаттады? деген суроо болушу мүнкүн. Орусияда же Казахстанда доллар кымбаттаса, рубль менен теңгенин курсу долларга карата бизде да төмөндөйт. Эгерде бизде кымбаттабаса, анда казахстандыктар менен орусиялыктар бизге рубль жана теңгесин алып келип арзан доллар алмак. Албетте, бул учурда бизде да доллар кымбаттайт.

Соңунда айта кетсек, өлкөбүздө чет элдик валюталардын курсу, рыноктогу ички жана сырткы факторлого байланыштуу. Өлкөбүздөгү сомдун соңку солгундоосун; дүйнөлүк экономиканын төмөндөөсүнө, COVID-19дун качан бүтөрүнүн белгисиз болуусуна, мунайдын төмөндөөсүнө, эл аралык биржалардагы психологиялык дүрбөлөң жана долларга болгон суроо-талаптын жалпы жогору болуусуна байланыштырсак болот.

Ал эми буга бир гана валюталык дүкөндөрдү күнөөлөп, аларды жабуу боюнча мыйзам долбоорун даярдоо, жогоруда айтылган негиздерди чекке какканды билдирет. Албетте, жеке валюталык дүкөндөр  ички рынокто кандайдыр бир спекулятивдик иш-аракеттерди жасап “жасалма” курсту түзүү боюнча иш-аракеттерди жасашы мүнкүн, бирок эл аралык валюта рыногунда эч кандай өзгөрүү болбосо, алардын “жасалма” курсу бат эле кайра ордуна келет. Андан сырткары, валюта рыногу ар дайым Улуттук Банктын көзөмөлүндө жана тескөөсүндө болот.

 

Автор: Кыялбек Акмолдоев (Ph.D) — экономист. 

Copyright © 2017 Maral FM