Биз менен байланышыңыз

Covid-19: Нарында тиешелүү адистердин жетишсиздиги байкалууда

Кыска кабар | 13 мая 2020 | 581 | 0

Нарында тиешелүү адистердин жетишсиздиги байкалууда. Бул тууралуу брифингдин жүрүшүндө өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов билдирди.

Ал билдиргендей, облустук жана райондук координаторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, дарыгерлер арасында коронавирусту жайылтпоо максатында кечиктирилгис чараларды көрүү боюнча катуу талаптар коюлган.

Чынын айтыш керек, адистердин жетишсиздиги байкалууда. Себеби карантинге жатып калгандар болууда. Жакында эле өзүбүздүн координатор да эки жума карантинде жатып чыгып, ишке өзүнүн таасирин тийгизди. Андан сырткары, Санэпидемстанциянын башкы дарыгеринин орун басарынан коронавирус аныкталгандыктан, башкы дарыгер учурда карантинде. Мына ушундай жагдайлар жумуштун аткарылышына тоскоолдуктарды жаратып жатат. Биз атайын Республикалык штаб жана Саламаттык сактоо министрлигине жардам сурап кайрылганбыз. Учурда эки эпидемиолог келип иштеп жатат, — деди Алымкулов.

Ал кошумчалагандай, катуу талаптар коюлуп, медиктердин арасында коронавирустун жайылып кетүү коркунучунун алдын алуу чаралары көрүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM