Биз менен байланышыңыз

Былтыр чек арага жакын аймактарды өнүктүрүүгө 349,3 млн сом бөлүндү

Кыска кабар | 13 мая 2020 | 586 | 0

Былтыр чек арага жакын аймактарды өнүктүрүүгө жалпы республикалык бюджеттен 349,3 млн сом бөлүндү. Анын ичинен Баткен облусуна 314,2 млн сом каралды. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 13-майда Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик программанын алкагында 2019-жылы Иш-чаралар планын аткарууга 137,4 млн сом пландаштырылып, 23 иш-чараны аткарууга 129,3 млн сом каржыланды:

  • Кулунду – Арка авто жолунун 2 чакырым жолуна асфальт салынды.
  • Көк-Таш – Ак-Сай авто жолунун 7 чакырым жолуна асфальт төшөлдү (50 млн с).
  • Ак-Сай – Рават авто жолунун 25 чакырымы жасалды (30 млн).
  • Ак-Сай – Тамдык тоонун үстүнөн Ворухту айланып өткөн автожолдун 12  чакырымы жасалды (70 млн сом). Долбоор жалпы 24,5 чакырым.
  • ирригация жаатында Ак-Сайда 200 га жаңы жерге суу чыгаруу иштери жүрүп жатат – 2019-ж. 50 млн сом берилди.
  • Ак-Турпак айыл аймагынын Ак-Турпак айылында суу жээктерин бекемдөө иштери жүргүзүлдү.
  • 10 социалдык объекттердин курулуш иштери жүргүзүлдү: 4 бала бакча, 4 ФАП, 1 спорт  зал.

Чек арага жакын айылдардын мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн окуу жайларында 165 гранттык орун бөлүндү.

Программанын алкагында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара участокторуна 23 км тикенектүү зым тартылды.

Copyright © 2017 Maral FM