Биз менен байланышыңыз

Орусияда бир суткада 10 288 адамда коронавирус аныкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 13 мая 2020 | 557 | 0

Орусияда акыркы сутка ичинде 10 288 коронавирус инфекциясы катталып, бир күндө 96 адам көз жумду. Бул тууралуу 13-майда коронавируска каршы күрөшүү боюнча оперативдүү штабдын маалыматына таянып жергиликтүү басылмалар жазды.

Инфекциянын жаңы учурлары Орусиянын 83 аймагында аныкталды. Алардын ичинен 4 661 учуру (44,5%) байланышта болгондордон табылган жана оорунун белгилери аныкталган эмес.

Орусияда 13-майга карата жалпы коронавирус жуктургандардын саны 242 271ге жетти. Алардын ичинен 2 212 адам каза болуп, 48 003 адам айыгып ооруканадан чыгарылды.

Copyright © 2017 Maral FM