Биз менен байланышыңыз

Сарыбашов: Ошто 8 багытта антикризистик план иштелип чыкты

Кыска кабар | 13 мая 2020 | 360 | 0

Ош шаарында 8 багытта 30 пункттан турган антикризистик план иштелип чыкты. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов бүгүнкү брифингде билдирди.

Анын айтымында, шаарда өзгөчө абал киргенден бери ишканалар ишин токтоткон.

Ал өз учурунда шаардык бюджетке таасирин тийгизген. Январь-март айларында жергиликтүү бюджетке 60-70 млн сомго чейин акча түшпөй калды. Ошондой эле бюджетке 150 млн сом түшпөй калышы күтүлүүдө. Буга чейин Өкмөт тарабынан антикризистик план түзүлгөн. Ош шаарында дагы 8 багытта 30 пункттан турган антикризистик план иштелип чыкты, — деп белгиледи мэр.

Сарыбашов учурда бюджетти толтуруу үчүн көмүскө салыктар менен иштеп жатышканын билдирди.

Ош шаарында учурда 77 жаран обсервацияда жатат. Шаарда коронавирусту жалпы 113 жаран жуктурган. Бүгүнкү күндө 108 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Учурда 3 жаран дарыланып жатат. Ошондой эле 2 жаран каза болгон. Илдетти 50 медкызматкер жуктурса, алардын 48и айыкты.

Сарыбашов белгилегендей, Ош шаарындагы обсервацияларда 2 миң 226 орундук даяр турат.

Copyright © 2017 Maral FM