Биз менен байланышыңыз

Убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелер бекитилди

Кыска кабар | 12 мая 2020 | 368 | 0

«Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жайылышына жол бербөө иретинде санитардык-эпидемиологиялык талаптар» боюнча убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдер бекитилди. Тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Аталган чечим өлкө аймагында коронавирустук инфекциянын (COVID-19) кирүү жана жайылуу коркунучу уланып жатканына байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу иретинде жана экономикалык ишти этабы менен кайра жандандыруу максатында кабыл алынган.

Өндүрүш, кызмат көрсөтүү, анын ичинен коомдук тамактануу, соода чөйрөсүндө иш жүргүзгөн, экономикалык иштин уруксат берилген башка түрлөрү менен алектенген жеке жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар өзгөчө абал шартында жана өзгөчө кырдаал режиминде коронавирустук инфекция (COVID-19) боюнча эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин Убактылуу санитардык эрежелерди сактоону жана кызматкерлерге жетекчилик көрсөтмө берүүнү камсыз кылуусу тийиш.

Саламаттык сактоо министрлигине, Ички иштер министрлигине, Өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына Убактылуу санитардык эрежелердин сакталышын контролдоо жана мыйзамга ылайык өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде тийиштүү чараларды көрүүсү тапшырылды.

Copyright © 2017 Maral FM