Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев КМШ Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышууда (сүрөт)

Кыска кабар | 25 Окт 2019 | 506 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Москва шаарына болгон иш сапарынын алкагында  «Сколково» инновациялык борборунда өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынынын чакан курамына катышууда. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жыйын башталардан мурда делегация жетекчилери менен учурашуу, ошондой эле чогуу сүрөткө түшүү аземи болду.

Алдыда кеңештин кеңейтилген курамдагы жыйыны болот, анын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлат. Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын күн тартибине 19 маселе кирген.

 

Copyright © 2017 Maral FM