Connect with us

Ишкердик субъекттерине карата банкроттук процессин демилгелөө токтотулду

Кыска кабар | 2 Июн 2020 | 743 | 0

Экономика министрлигинин алдындагы Банкрот иштери боюнча департаменти, Мамлкеттик салык кызматы, Социалдык фонд ишкердик субъекттерине карата банкроттук процессин демилгелөөнү 2021-жылдын 1-январына чейин токтотту. Тиешелүү чечимге премьер-министрдин милдетин аткаруучу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду.

Документ COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылуусуна жана пандемия менен күрөшүүнүн алкагында чарбалык ишмердүүлүктү чектөө боюнча мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган чараларга түз жана кыйыр түрдө байланышкан жагдайлардан улам төлөөгө жөндөмсүздүктүн белгилери пайда болгон ишкердик субъекттерине колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынды.

Бүгүнкү күнү  пандемия менен күрөшүү чараларынын эл аралык масштабы, ошондой эле COVID-19 вирусунун кирүүсүнө жана жайылуусуна жол бербөөнүн алкагында өлкө ичинде чарбалык ишмердүүлүктү чектөө боюнча бир катар чаралар көптөгөн ата мекендик коммерциялык уюмдардын жана жеке ишкерлердин экономикалык активдүүлүгүнө терс таасирин тийгизүүдө. Кырдаалды турукташтыруу үчүн Өкмөт тарабынан ишкердик субъекттерин колдоо боюнча иш-чаралар планы бекитилди. Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режимдерин киргизүүнүн жыйынтыгында топтолгон салыктык жана социалдык чегерүүлөр боюнча карыздардын суммасын төлөөгө мөөнөтүн узартуулар жана бөлүп төлөө каралууда.

Copyright © 2017 Maral FM