Биз менен байланышыңыз

Чүй: Сауд өнүктүрүү фондунун насыясынын эсебинен мектептин курулушу башталды

Кыска кабар | 13 Дек 2019 | 657 | 0

Ар бир өнүккөн мамлекетин өзөгү – сапаттуу билим берүү. Мындай оюн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Озерное айылындагы орто мектептин имаратына капсула салуу салтанатында айтты.

«Эгерде билимдүү болсоң, ар кандай кыйынчылыкты жеңе аласың. Билими жок кандай эмгек болбосун, жыйынтык бере албайт. Соода, курулуш, дыйканчылык – мунун баары бизге билим аркылуу келе турган белгилүү бир жөндөмдөрдү талап кылат», — деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы белгилегендей, акыркы эки жылда 350дөн ашуун социалдык объект салынды, алардын басымдуу бөлүгү – бул мектеп жана бала бакчалар.

Кошумчалай кетсек, Озерное айылындагы мектептин курулушу быйыл башталды, объект 2021-жылы эксплуатацияга берилет. Долбоор Сауд өнүктүрүү фондунун жеңилдетилген насыялык каражатынын эсебинен жүзөгө ашырылууда.

Объекттин жалпы сметалык баасы 1,3 млн долларды түзөт. Жаңы мектептин имараты 375 окуучуга ылайыкталган. Учурда балдар 200 орундуу эски мектепте билим алууда.

Copyright © 2017 Maral FM