Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев мамлекеттик чек араны коргоону күчөтүүнү тапшырды

Кыска кабар | 10 Янв 2020 | 425 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн күч түзүмдөрүнө Баткен облусунда болуп өткөн окуяга байланыштуу кыргыз-тажик тилкесинде мамлекеттик чек араны кайтарууну жана коргоону күчөтүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Укук коргоо органдарына аймакты туруктуу кайтаруу, жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана окуянын чыңалышына жол бербөө үчүн  баардык чараларды көрүү тапшырылды.

Муну менен катар Өкмөт башчы кырдаалды тез арада жөнгө салуу жана чыңалууну толук жоюу үчүн вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын, ошондой эле облус жетекчилеринин ортосундагы сүйлөшүү процессин күчөтүүнү айтты.

Абылгазиев кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча ишти илгерилетүүгө чейин кандайдыр бир чагымчылдыкка алдырбоо жана кырдаалдын курчушуна алып келбөө үчүн  чараларды кабыл алуу керектигин өзгөчө белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM