Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги Жеңиш аянтында митинг-реквием өттү

Кыска кабар | 9 мая 2020 | 482 | 0

Бүгүн, 9-майда, Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында  Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына митинг-реквием өттү.

Президент Сооронбай Жээнбеков Өчпөс отко гүл коюп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду бир мүнөттүк аза күтүү менен эскерди.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева, экс-президент Роза Отунбаева, Башкы штабдын жетекчиси Райымберди Дүйшөнбиев катышты.

Copyright © 2017 Maral FM