Биз менен байланышыңыз

Чек ара Баткен: Көк-Ташта жаракат алган аскерлердин абалы оор

Кыска кабар | 9 мая 2020 | 2626 | 1

Баткен районунун Көк-Таш айылында кыргыз-тажик чек арасында атышууда ок тийген кыргызстандык чек ара аскерлеринин абалы оор. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлинини маалымат кызматы таратты.

Кечээ, 8-майда Баткен облустук бириктирилген ооруканасына 3 аскер кызматкери жана 1 жай тургун келип түшкөн. Ок тийген чек арачылар жаткырылган. Жай тургунга алгачкы медико-санитардык жардам көрсөтүлгөндөн кийин канааттандыраарлык абалда амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.

Бүгүнкү күндө ооруканада жаткен аскер 1994-жылы туулган С.у.М. аттуу жоокердин кыр арканын көкүрөк тушуна, курсак жана жамбаш сөөгүнө ок тийген. Операция жасалган, абалы өтө оор .

1995-ж.т. А.у.М. аттуу жоокердин көкүрөк тушуна ок тийген. Операция жасалды, абалы орточо оор, туруктуу.

1996-ж.т. Т.у.Ч. аттуу жоокердин да көкүрөк тушун ок тешип өткөн. Жараатты баштапкы хирургиялык жол менен тазалоо жасалды, абалы орточо оор, туруктуу.

Бардык жабырлануучулар медициналык көзөмөл астында, дары каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар, кандын компоненттери жетиштүү көлөмдө бар.

Ош облустар аралык бириктирилген ооруканасынан нейрохирург, торакалдык хирург жана реаниматологдон турган дарыгерлердин тобу Баткен облустук бириктирилген ооруканасына келишти.

Кечээ кечке жуук Көк-Таш айылынын Чек участкасында жергиликтүү тургундар менен кошуна Тажикстандын айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыгып, эки тараптан таш урушкан.

Эки тараптын чек арачылары адегенде чырды басуу үчүн эскертүү иретинде асманга ок атышып, жаңжалды басаңдатышкан. Кийинчерээ тажик чек арачылары күтүүсүздөн кыргызстандыктарды көздөй автомат, миномёттон ок жаадырышкан.

Андан кыргызстандын 3 чек ара аскери жана бир жергиликтүү тургун жаракат алышкан.

Чатактан тажик тараптан эки адам жараат алганын Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлеринин маалымат кызматы кабарлаган.

Окуя боюнча эки өлкөнүн райондук, облустук деңгээлдеги жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Чек ара кызматынын өкүлдөрү, Тышкы иштер министрлери жана вице-премьер-министрлери кырдаалды жөнгө салууну сүйлөштү.

Учурда чек арада облус жетекчилеринин биринчи орун басарларынын деңгээлинде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө участкасында сүйлөшүү башталууда. Сүйлөшүүгө эки тараптан чек ара, ички иштер жана улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматынын облустагы жетекчилери катышып жатат.

1 пикир

1 пикир

  1. Қырғызстан жараны.

    10.05.2020 12:36

    «Сүйлөшүү жана жолуғушууларды» жүргүзүшүп;
    уқмуштай қыйратып атышқан тура қайран биздин мансапқорлорубуз, тиммеле чи…
    Ой боой..!

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM