Биз менен байланышыңыз

Президент Жээнбеков менен Путин телефон аркылуу сүйлөштү

Кыска кабар | 8 мая 2020 | 553 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-майда, Орусия Федерациясынын лидери Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына байланыштуу бири-бирине куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Улуу Жеңиш — эркиндик жана көз карандысыздык үчүн жанын аябай күрөшкөн элдерибиздин жалпы мурасы болуп саналарын айтып, Экинчи Дүйнөлүк Согуш жөнүндөгү тарыхый чындыкты бурмалоого жол бербөөгө багытталган аракеттерди улантуу зарылдыгын белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө көрсөткөн жардамы үчүн Путинге ыраазычылык билдирип, бул илдет менен күрөшүү боюнча мындан аркы биргелешкен чараларды талкуулады.

Мындан сырткары, мамлекет башчылары эки тараптуу кыргыз-орус кызматташтыгын мындан ары кеңейтүү, ошондой эле көп тараптуу уюмдар жана интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенишүү жаатында пикир алмашышты.

Copyright © 2017 Maral FM