Биз менен байланышыңыз

Алишер Усманов суу каптоодон жабыркаган Өзбекстан менен Казакстанга 15 млн доллар берди

Кыска кабар | 8 мая 2020 | 3029 | 0

Орусиялык өзбек тектүү миллиардер Алишер Усманов Өзбекстанга Сырдарыя облусундагы суу каптоодо жапа чеккендерге жана кырсыкты четтетүүгө $10 млн каражат берди.

Бул тууралуу ал өлкө президенти Шавкат Мирзиёевге жазган катында билдирген.

Миллиардер Сардобе суу сактагычындагы кырсык элге оор сыноо болгонун, мындай учурда, ыйык Рамазан айында жардамга муктаждарга өзгөчө боорукерлик, колдоо көрсөтүү зарылдыгын айтат.

Усманов суу каптоодо жапа чеккендердин колдоого, алардын жашоо шартын жакшыртууга жана кырсыктын кесепетин жоюу үчүн 10 миллион доллар каражат берген.

Меценат мындан сырткары дамба бузулуп, суу каптоодо калган кошуна Казакстандын Түркистан облусунун Мактаарал районунан эвакуацияланган 30,42 миң жаранга жардам берүү максатында $5 млн  берген.

Бул тууралуу Казакстандын Түркистан облусунун акиматынын маалымат кызматы жазган.

Эскерте кетсек, 1-майда Өзбекстандагы Сардобе суу сактагычындагы дамба урап, Өзбекстан менен кошуна Казакстандын көптөгөн айылдарын суу каптаган. Кырсыктан улан бул аймактардан 100 миңдеген жарандар эвакуацияланган.

Copyright © 2017 Maral FM