Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Тажикстан менен чек араны кайтаруу күчөтүлдү

Кыска кабар | 6 мая 2020 | 1219 | 0

Тажикстанда коронавирус илдетинин жайылышынан улам чек араны кайтаруу күчөтүлдү. Мындай маалыматты вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Вице-премьер аймактан кабар алып келгенин, учурда кыргыз-тажик чек арасы өзгөчө көзөмөлгө алынганын белгиледи.

Өткөн аптада чек арадагы аймактарды кыдырып келдик. Тажикстанда коронавирус илдети тездик менен жайылып жатканына байланыштуу чек араны көзөмөлдөөнү, чек арачылардын санын дагы күчөттүк, — деди Акрам Мадумаров.

Зарылчылык болсо дагы да күчөтүүгө Өкмөттө мүмкүнчүлүк бар экенин вице-премьер кошумчалады.

Соңку маалыматтарга ылайык Тажикстанда коронавирус жуктургандардын саны 300гө чукулдаган. Айрым маалыматтар боюнча президент Эмомали Рахмон да коронавирус илдетине кабылып, дарылануу үчүн Германияга кеткени айтылууда.

Кыргызстанда акыркы сутка ичиинде 28 жаңы учур катталган. Анын төртөө Тажикстандын Ходжент, Душанбе шаарларында билим алган кыргызстандык студенттер болгон.

Буга чейин да кошуна Тажикстанга жүк ташып иштеген Лейлек районунун тургундары аталган илдетке чалдыгып, ооруканага жаткырылган.

Copyright © 2017 Maral FM