Биз менен байланышыңыз

Боронов обсервациялык жайларды даярдоонун жүрүшү менен таанышты

Кыска кабар | 3 мая 2020 | 489 | 0

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Президенттик Аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев мурдагы «Манас» транзиттик ташуулар борборунун аймагында обсервациялык пункттарды даярдоонун жүрүшү менен таанышышты.

Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык, болжол менен 670 адамды жайгаштырууга эсептелген 6 корпусту оңдоо иштери жүргүзүлдү. Палаталар бардык зарылдыктар менен жабдылган жана санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге жооп берет. Бул имараттарды обсервация катары пайдаланууга болот, ошондой эле аларга оорусу жеңил өтүп жаткан же тиешелүү медициналык көзөмөл үчүн илдеттин белгилери билинбеген бейтаптарды жайгаштырса болот.

Эки адамга эсептелген ар бир палатада санитардык түйүн, душ жана ысык тамак берүү үчүн атайы терезелер бар.  Мындан тышкары, медициналык кызматкерлер үчүн атайы имараттар каралган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана Саламаттык сактоо министрлигине пункттарды тийиштүү жабдуулар жана инвентарлар менен толук камсыздоо тапшырмалары берилди.

Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, аталган объектилер оорулуулардын жана медициналык кызматкерлердин, тийиштүү персоналдардын коопсуз жана ыңгайлуу иш алып баруусу үчүн бардык талаптарга жооп бериши шарт.

Copyright © 2017 Maral FM