Биз менен байланышыңыз

Уметалиев: Эң көп жабыркаган да, эң тез жандана турган да тармак туризм болушу мүмкүн

Кыска кабар | 3 мая 2020 | 689 | 0

Пандемиядан эң көп жабыркаган дагы, эң тез жандана турган дагы тармак туризм болушу мүмкүн. Мындай пикирин мурдагы экономика министри, Kyrgyz Concept компаниясынын президенти Эмил Уметалиев 28-апрелдеги “Экомайдан” берүүсүндө билдирди.

Анын айтымында, пандемиянын натыйжасында экономикалык кризис башталды. Бул илдеттен эң көп жабыр тарткандар – ишкерлер жана мигранттар.

Илдет менен карантин жолу аркылуу күрөшүүнү максат кылган өлкөбүздө ишкердик, анын ичинде тиризм тармагы эң чоң кризисти өткөрүп жатат. Дал ушул учурда бардык ишкерлерди “Кризистен кантип чыгууга болот же бизнести кантип сактап калабыз?” деген суроо түйшөлтүп жатканы талашсыз , — деди Эмил Уметалиев.

Эмил Уметалиевдин пикири боюнча пандемиядан кийинки жумушун жолго кое алган ишкерлер төмөнкүлөр:

• Тармагынын чыныгы адиси болууга умтулган ишкерлер бул жолу да кыйынчылыкты жеңе алат.
• Бул багытта каражат табууну эле эмес, тармагында жыйынтык чыгарууга умтулгандар. Каражат табууну көздөгөндөрдүн же бизнеси жок болот, же таптакыр башка тармакка ооп кетишет.
• Компаниянын ички жана сырткы байланышын үзгүлтүккө учуратпаган ишкерлер; Кырдаалга карабастан социалдык тармактарда өзүнүн аудиториясын керектүү маалымат менен камсыз кылган компаниялар;
• Акылы менен иш жүргүзгөн, кардардын муктаждыгын жана келечектин муктаждыгын сезе билген ишканалар;
• Учурдан пайдаланып, дүйнөлүк жаңы технологияны өздөштүргөн жана ишкердик багытында билимин жогорулатып, изденген ишкерлер. Инновацияны жаңы мүмкүнчүлүк катары карап, ишмердүүлүгү менен айкалыштыра алган ишкерлер бул абалдан эрте чыга алат.

Мындан сырткары, Эмил Уметалиев пандемиядан кийинки эң көп суроо-талап жараткан ишкердиктин түрлөрү тууралуу дагы айтып, төмөнкүлөрдү эсептеди:

• Саламаттыкты сактоого багытталган бизнеске басым жасаган ишкерлер. Ооруканадан тартып диагностика, дарыканаларга чейин;
• Билим берүү тармагында иш алып барган ишканалар. Анткени эл учурда эң көп билимдин, ден-соолуктун маанилүүлүгүн түшүнүп турат;
• Тазалык жана өздүк гигиенага тиешелүү иш-аракеттер. Мисалы, таза аба, таза суу, таза жемиштер;
• Жаңы технология менен камсыздалган жана аны жакшы өздөштүргөн бардык бизнестин түрлөрү мындан ары башкалардан 10 эсе алдыда болорун билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM