Connect with us

Штаб: Экономикалык ишмердүүлүктү жандандырууга өзгөчө көңүл бөлүнүүдө

Кыска кабар | 3 Май 2020 | 793 | 0

Экономикалык ишмердүүлүктү этаптуу жандандыруу процессине Өкмөт тарабынан өзгөчө көңүл бөлүнүүдө. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Ал белгилегендей, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери, коменданттар тиешелүү тапшырмаларды аткарууга толук аракеттешүүгө тийиш.

Айрым жарандар тарабынан өткөрмө кагаздарын алуу боюнча даттануулар жана нааразычылыктар түшүүдө. Бул багытта аларга уруксат кагаздарын алууда максималдуу колдоо көрсөтүү кажет, документтерди тариздөө боюнча түшүндүрүү иштерин жакшы жүргүзүүгө тийишсиңер. Экономикалык ишмердүүлүк чөйрөлөрүнүн толук кандуу иштөөсү үчүн бардык мүмкүндүктөрдү түзгүлө, — деди Кубатбек Боронов.

Ал ошондой эле, май куюучу жайлар жана такси кызматтары тарабынан санитардык эрежелерди сактоого көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгына басым жасады.

Тармактык кызматтарга Жалал-Абад облусунун Чаткал жана Тогуз-Торо райондорундагы эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөөнүн бардык тийиштүү чараларын күчөтүү тапшырылды. Мындан тышкары көзөмөл-өткөрмө жайларында санитардык жана башка текшерүү чараларын күчөтүү, айрыкча Баткен облусундагы пункттарга өзгөчө көңүл буруу шарт.

Штабдын жыйынынын жүрүшүндө аба транспорту же унаа менен республикага чет өлкөлөрдөн келген жарандар боюнча иш-аракеттер алгоритмин так аткаруунун маанилүүлүгү белгиленди.

Copyright © 2017 Maral FM