Биз менен байланышыңыз

Нурматов: Элдин арасында COVID-19 вирусун алып жүргөндөр бар

Кыска кабар | 3 мая 2020 | 447 | 0

Коронавирус жуктурган адамдардын 60 пайызында оору симптомдору жок өтөт. Бул тууралуу Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов бүгүнкү брифингде билдирди.

Анын айтымында, белгилери билинбей өтүп жаткан бейтаптар өздөрү оорубаганы менен, башкаларга жугузушу мүмкүн.

Кыргызстандагы иликтөөлөрдүн негизинде өлкөдө COVID-19 тастыкталганы менен, бейтаптардын 67 пайызында илдеттин симптомдору билинбей өтүп жатканы белгилүү. Ошентсе дагы, анализ аркылуу вирус тастыкталган бардык жарандар ооруканага жаткырылып, тийиштүү дарылануу курсунан өтүшөт. Себеби, симптому билинбей өтүп жаткан бейтаптар өздөрү оорубаганы менен, башкаларга жугузушу мүмкүн. Бул абдан кооптуу, — деди Зуридин Нурматов.

Ошондой эле, ал элдин арасында анализ аркылуу тастыкталбаганы менен COVID-19 вирусун алып жүргөндөр бар деп айтууга боло турганын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM