Биз менен байланышыңыз

Алымкулов: Өткөрмө кагаздарын алууга кайрылууларды ыкчам кароо үчүн атайын топ түзүлдү

Жарандардын өткөрмө кагаздарын алууга кайрылууларын ыкчам кароо үчүн комендатуранын буйругу менен атайын топ түзүлдү.
Ага министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү кирет. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Азизбек Алымкулов маалымат жыйынында билдирди.

Жооптуу болуп борбор калаанын төрт районунун акими дайындалды, алар аймактагы бардык объектилер боюнча актуалдуу маалыматтарга ээ болушат. Мисалы, Мамэкотехинспекциянын өкүлү курулуш объекттери боюнча билдирмелерди текшерет, өнөр жай чөйрөсү боюнча ӨЭЖП мамлекеттик комитети карайт, патенттер боюнча салык кызматкерлери ж.б. Эгерде ишмердүүлүк ыйгарым укуктуу орган тарабынан тастыкталса, анда арыздар жактырылат, — деди Бишкек шаарынын вице-мэри Азизбек Алымкулов.

30-апрелден 1-майга чейин өткөрмө кагаз алуу үчүн 13043 билдирме түшкөн. Алардын ичинен 1 687си жактырылды, ошондой эле сутка бою иштегенге – 41 автоунаага, күндүз иштегенге – 1092 автоунаага, жөө жүрүүгө 554 өткөрмө кагазы берилди. 10521 билдирмеден баш тартылып,  835и кароо стадиясында турат.

Бишкектин вице-мэри Азизбек Алымкулов билдиргендей, негизинен сайтта белгиленген тизмеде көрсөтүлгөн зарыл документтер толук берилбегендиги, же арыз туура эмес толтургандыгы өткөрмө берүүдөн баш тартууга себеп болду.

Copyright © 2017 Maral FM